⇚ На страницу книги

Читать Манифест. Кыргызстандагы насыя алуучуларынын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести

Шрифт
Интервал

© Кубан Чороев, 2016


ISBN 978-5-4483-2126-9

Создано в интеллектуальной издательской системе Ridero


Улуттук банк кризистен чыгармак, бирок…

Кыргызстан экономикалык депрессиядан чыгуу үчүн акча реформасын жасоо зарыл жана Улуттук банкты улутташтыруу керек

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикасы монетардык терминдер менен мүнөздөгөндө эки терс жагдайга кабылып турат: бир жагынан экономикабызда долларлашуу процесси жүрүп жатса, экинчи жагынан сомдун массасы кескин түрдѳ төмөндѳп кетти. Аталган жагдайлар экономикабыздын жакынкы келечектеги өсүшүнѳ кооптуу абал жаратты. Мындай абалды биз экономикалык депрессиянын башталышы деп айтсак жаңылбайбыз. Коомдо экономикалык бүдөмүк абалга байланыштуу экономикалык активдүүлүк өтө төмөн деңгээлге түшүп кетти. Эми бул абалдын келишинин себептерин жалпак тилге салып, чечмелегенге аракет кылып көрөйүн.

Куну кеткен сом, көкөлөгөн доллар

Акыркы он жылда өлкөдөгү улуттук валютабыз – сомдун массасы жылдан жылга өсүп келаткан эле. Ал эми өткөн 2014-жылдын он бир айында сомдун массасы 22.7 млрд. сомго азайып кетти. Мындайча айтканда, экономикабызда болгон сомдун массасынын үчтөн бир бөлүгү кыскарып жатат. Бирок сомдун массасынын кыскарганына карабай, инфляция 2014-жылдын акыркы он бир айында 10,2% түздү, салыштырмалуу мурдагы 2013-жылы инфляция 4.4% түзгөн эле. Эмне үчүн мындай кызык абал түзүлүүдө? Ар бир экономист билгендей, инфляция бул акчанын көлөмү көбөйгөндө боло турган экономикалык кѳрүнүш. Ал эми ѳткѳн жылы акчанын – сомдун көлөмү 30% чейин азайып жатса, бул инфляция кайдан келип чыкты деген суроо туулат.

Экинчи кызык жагдай, бардык коммерциялык банктар «сом менен биздин банкка депозит салыңыз, пайыздар көтөрүлдү» деген жарнактарды илип жатышат. Ал эми ошол эле убакта Улуттук банктын статистикасын карасак, банктарда сом менен салынган депозиттер акыркы жылда кескин кыскарып кетти. Үчүнчү кызыктуу жагдай, Улуттук банк 2014-жылы сомдун курсунун туруктуулугун кармаш үчүн валюталык резервинен 516 миллион АКШ долларын коротту. Мындай ири сумманы Улуттук банк буга чейинки турмушунда короткон эмес, бирок буга карабай доллар 2014-жылдын башында 49 сом болсо, жылдын аягында 60 сомду түзүп, 11 сомго же 18% кымбаттап кетти. Бул деген Кыргызстанга келген импорттук товарлар жана дары-дармектер 18% кымбаттады дегенди билдирет.

Өйдөдө айтылып кеткен жагдайлардын себептерин экономиканын долларизациясы же долларлашуусу менен түшүндүрсөк болот. Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2014-жылдын ноябрь айына карата экономиканын долларлашуу деңгээли 58.2% түзгѳн. Бул биздин экономикабыздагы коммерциялык банктарда депозиттерде жаткан доллардын көлөмү жалпы акча массасынын 58.2% доллар түзөт дегенди билдирет. Ал эми банктардан тышкары жаткан накталай долларларды кошкондо, мындан да бир кыйла доллардын пайыздык көлөмү өйдө болору анык. Дүйнѳлүк стандарттарга таянсак, бул көрсөткүч 50% ашканда өлкөнүн улуттук акча системасы көзөмөлдөн чыкты жана ошол өлкөнүн Улуттук банкы өз жөндөмдүүлүгүн жоготуп, акча системасын көзөмөлдөй албай калды деп бааланат. Эгерде абал ушул нукта өнүгө бере турган болсо, анда улуттук валютанын жана Улуттук банктын мындан ары кереги жок болуп калышы ыктымал. Анткени, анын коомго болгон пайдасынан өзүнүн жеген куну көп болуп калышы мүмкүн.