…Кеч күүгүм. Кадимки кыйма чийме каттаган маршруттук таксилердин катары сээлдеп, аялдамаларда кишилердин карааны көбөйө түштү. Шаар сыртындагы чөлкөмдөрдө аялдама дээрлик жокко эсе. Ар бир ыңгайлуу жерлерди тургундар өздөрү ыңгайлаштырып, «аялдама» катары белгилеп алышкан. Бири жумушунан кеч чыгып, бири күнүмдүк түмөн түйшүктүн дагы бир милдетин аткарып үйүнө шашса, дагы бири кечки жумушуна бара жатышкан адамдардын арасында жүзүнө жылмайуу тарткан киши деле жоктой. Кабактарын бир аз чытый, келе турган маршрутун мойнун созо карап, жол жээгине ыктай басып, кайра артка тартып ар ким өз багытын күтүп турат.
Эл арасында колуна көтөргөн эки чоң баштыгын коерго таза жер таппай, улам бир ыптасына салмагын салып өз багытына кетүүчү маршрутук таксини күткөн Ырыс да бар. Жапалдаш бойлуу, жашы кырктарга келип калган бул келин компьютердик клубдардын биринде тазалоочу болуп иштейт. Иш берүүчү акчасын үнөмдөгүсү келгенби, айтор, эки кабат имаратка эки эле тазалоочу жалдап алган. Жумушчунун укугун коргой турган мыйзамдар жазылганы менен, аны сактап, жумушчу байкушка социалдык төлөмдөрүн төлөп турган жеке ишкер-жумуш берүүчү өтө сейрек. Өмүр бою Ырыс ушундай жалданма жумуштарда иштеп келе жатат. Күнүмдүк тирликке акча тапканы менен, келечекте пенсия деген чектөөлөр кандай болоорун Ырыс ойлогусу деле келбейт. Ойлогондо эмне. Жумушка алганына сүйүнөт. «Мен үчүн социалдык төлөмдөрдү төлөп турасыздарбы?»-деп сураса эле, жумуш берүүчү «бара бериңиз, сизди жумушка ала албайбыз»-дегени жатпайбы. Эсине түшкөндө – «Эээх десең, ушу жеке ишкерлерди мажбурлап, ар бир жумушчуну мыйзамга ылайык ишке алууну мамлекет көзөмөлдөсө кана?; Мамлекетке эле жакшы болот эле да»-деп Ырыс ойлоп, үшкүрүп коет.
Таалайына жараша, окууну бүткөн учур эл кыйналган өткөөл мезгилге туш келип, эч бир кесипке ээ болбой калган. Ал кезде эл кара ун жеп, перловка эбин тапкан адамдарга гана тийчү. Үй-бүлөнүн эң улуусу Ырыс апасына кол кабыш кылып эмне гана саткан жок. Базар аралап, колуна көтөрүп алып аркан, жип сатты. Лампочка сатты. Байпак сатты. Акиташ сатты. Деги койчу, сата турган эмне болсо баарын алып сатты…
Жумуштан бир чарчаса, тыгылышкан маршрутканын ичинде эки чарчап Ырыс илкий басып үйүнө жетти. Босогону аттаганда күйөөсүнүн бут кийими таманы эки эли ылай болуп бири ары жакта, бири бери жакта, көмкөрөсүнөн жатыптыр. Ырыс ичинен «Акмак, дагы ичип келген тура»-деп ачуусу келе түштү. Ушундай күндөрү андан ары үйгө кирбей эле артка бурулуп үйүнө, апасына кетип калгысы келчү. Апасынын жанында тээ бала кездегидей беймарал, капарсыз, жан дүйнөсү тынч болуп калаар эле. Ырыстын ичинде заары, таарынычы, ызасы кайнап чыгып аттап-буттап барып ортоңку бөлмөнүн эшигин жулуп ачты. Төрдө кирдегенинен майланышып, куралган курагы деле билинбей калган жер төшөктө аяшы Канат колун чекесине алып, чалкасынан жатыптыр. Столго өбөктөп үңкүйүп күйөөсү Нурик отурат. Бөлмөнүн ичи чылым, арак жыттанат.
Ырыс ошол кечте аяшы машинеси менен бирөөнү сүзүп алып, из жашырып Ырыстын үйүнө жаңы эле качып келип отурганын билди. Үйдүн ичи жагымсыз бир энергияга толгондой. Дубалдары саргарып, шыбы жапыз бөлмөнүн көрүнүшү ого бетер маанайды чөгөргөнсүйт. Аяшынын сунушу менен Нурик экөө кырсык болгон жерге кайра барып сыртынан байкап келмекке жөнөштү. Кетип баратып Нурик Ырыска– «Эй!..эч кимге айтпа! ..эй..!»-деп кетти…