⇚ На страницу книги

Читать Жети ата. Жан-дүйнө кайрыктары

Шрифт
Интервал

© Мирлан Бакытович Калдыбаев, 2019


ISBN 978-5-4493-0136-9

Создано в интеллектуальной издательской системе Ridero


Жети ата

Жети ата – кыргыздардагы ата текти билүүгө байланышкан генеалогиялык түшүнүк. Жети атанын элдик генеалогиялык түшүнүк катары кабыл алынышы патриархалдык-көчмөн салтка байланышкан. Жети ата кыргыз коомунда социалдык маанилүү роль ойногон. Салтка ылайык кыргыз коомундагы ар бир адам өзүнүн жети атасын билүүгө тийиш болгон. Жети атасын билбеген адам кул катары кабыл алынган. 19-кылымдын аягында Кыргызстанга келген орус адамы мындай деп жазган: «Бейтааныш адам жөнүндө бир нерсе билүү максатында: „Сенин жети атаң ким болгон“, деп сурашат. Бул суроого абдан так жооп беришке кыргыздын ар бир баласынын кудурети жетет». «Ким өзүнүн жети атасын билбесе, эл безери», деп окутат кыргыздын адеп кодекси. Жети ата өзүнө тиешелүү төмөнкүдөй терминдер менен аталып, элдин аң-сезимине абдан терең сиңген: ата, чоң ата, баба, буба, кубаар, жото, жете. Элдин эсинде сакталып калган «кубаарыңдын куу чокусу, мадериңдин баш териси» (мадер түштүк диалектиде эне), «кудай кылса кубаарыңдын акысы барбы?», «жото-жетесиз кул», «жетеге жетчү кек», «жети атасынан бери жиликтеп сура» деген сыяктуу көөнө түшүнүктөр мындай салттын байыркылыгын ырастайт. Жети атаны сүрүштүрүү салты уруу ичиндеги никелик мамилелерди жөнгө салып, элдин генеалогиялык тазалыгын сактап калуу жана биол. популяциясына, өсүп-өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзгөн. «Ал кезде жети атасын сурап кыз бермек ырасим болгон», деп айтылат. Кыргыздар байыртадан бийик тоо шартында бири биринен обочолонуп жашагандыктан, тукумдун тазалыгын сакташ үчүн нике мамилелерин жөнгө салуу зарыл болгон. Бул адат боюнча жети муун өтмөйүнчө никеге турууга тыюу салынган. Муну илим жети муундук экзогамия деп аташат. Бул отурукташкан элдерден айырмаланып, кыргыздарда никенин жана урпак-тукумду өстүрүүнүн өзүнчө мад-ты иштелип чыккандыгын айгинелейт. Ушундан улам жети атасын сүрүштүрүү салты келип чыккан. Анын баштапкы негиздери урук ичиндеги экзогамиялык талаптарга байланышса, кийин коомдо мыйзам сыяктуу турмуштук кодекске айланган. Анткени, патриархалдык коомдогу уруктун ар бир адамы жети атасын так билгенде гана кайсы урукка таандык экендигин далилдей алган.

Жети атам

Ата-бабам багыш аттуу элденбиз.
Кең шаар эски кетмен-төбө жерденбиз.
Байырлап ата-бабам өнгөн жерде.
Суусун ичип аба жутуп келгенбиз.
Санжыра бар мурас кылган урпака.
Кээси алат аксакалы улуулары сурака.
Билбегенди жетим дешип элимде,
Дегени бар жети атасын булар унутпака.
Мына бүгүн санжырадан баштадым.
Бул ойдон бул кыялдан кайтпадым.
Жеткирсем деп тең-туш жоролорго,
Жети атамды ыр кырына саптадым.
Биринчи атам Бакыт менин өз атам.
Сен дегенде ич кайышып жан тартам.
Аман жүргүн күүлү-күчтүү мурдагыдай,
Бир өзүңсүң айдан асыл жан атам.
Улуу кесип аркалаган тарыхчын?
Билим берди жалпы муунга мунум чын.
Неберемин мугалим Калдыбайга,
Мактана алам баш көтөрө мунум чын.
Сен үчүнчү сен атамсың Дайрабай.
Куран окуп дуба кылдым багыштай.
Көрбөсөм да билбесем да  өзүңдү.
Ырга салдым ыр мейкинин чабыттай
Кыбырамын бубам баатыр Бешкемпир.
Теңирим бейишиңде бул адамга кезиктир.
Топурагың торкоо болсун!
Аллахым жабрейилге бул адамды кезиктир.
Тыбырамын Курман-кожо молдонун.