Ырларымдан издебе Гармонияны.
Табыш кыйын, оор аны.
Анткени жан-дүйнөмдүн тоомунда
Бийлик кылат душманы «Дис-»
1Ооруган тиш
Бийлик кылгандай ойлоруңа:
«Зырп» этсе, шамал кулу жалбырактай
Чачылат ойлоруң ар-тарапка.
Бирок да таарынбайм да, өкүнбөйм
Тагдырыма чыгарылган бул өкүмгө.
Анткени жапайы да, азоо да
Ыйлатып, термелткен теректи
Куюн да керектир,
Жел гана эмес үйрөтүлгөн жашоодо:
Кээде керек сезимдерди көнүмүшкө
Багындыртбас акын – АНТИ мүнүшкөр.